Бишкекте бир суткада 99 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузду. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда соңку убакта борбор калаада эреже бузуулар, кылмыш иштери азайган.
"Өткөн сутка ичинде борбордо коменданттык саатты 99 адам бузган. Алардын ичинен, сексен беши эркек киши, он төртү аял. Ошол эле учурда, кылмыш иштеринин азайгандыгын белгилейм", - деди Орозалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн