Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулат, - мэрия

08.02.2024 09:37
196
Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулат, - мэрия


Мындан ары Бишкектеги бардык аялдамалар бир типте болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, калаа башчысы Айбек Жунашалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жаңы аялдамалардын долбоорлорун бекиткен.


"Шаар тургундары жана коноктордун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысыкта кондиционер системасы менен камсыздалмакчы. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдоно алышат", — деп жазылат маалыматта.


Аялдамалар эки типте, бири 10-12 метрлик, экинчиси андан чоңураак болору кошумчаланды. Алар негизги көчөлөргө жана проспектилерге коюлат. Бекитилген долбоор боюнча аялдама курууну каалагандар мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылып, кеңеш ала алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн