Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте бир жуманын ичинде 5294 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

19.04.2021 10:17
768
Бишкекте бир жуманын ичинде 5294 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды


Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинен тартып, 15-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5294 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.


Алардын ичинен:

-Мас абалында авто унаа башкаруу - 47;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 70;

-Авто ээнбаштык - 1

-Башка жол эрежелерин бузуулар - 4076.


478  авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн  убактылуу айып короо жайына токтотулду.


Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин таксактоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн