Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте бокс боюнча республиканын чемпионаты старт алды

21.09.2021 13:06
709
Бишкекте бокс боюнча республиканын чемпионаты старт алды


20-сентябрь, Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды. 

Республиканын биринчилигинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 130дан ашуун мушкер катышып жатат. Мелдеш 20 салмак категориясында: 13 (48, 51, 54, 57,60, 63, 67, 71,75, 80, 86, 92 кг 92 кг жогору) салмак категория эркектер арасында жана 7 (50, 52,54, 60, 63, 66, 75 кг) салмак категория кыз-келиндер арасында өтүүдө.  


Ачылыш аземинде Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмилов, Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев куттуктоо сөздөрүн айтышты.

«Баардык катышуучуларды жана бокс сүйүүчүлөрдү бокс боюнча кезектеги чемпионатынын башталышы менен куттуктайм! Аталган чемпионаттын жыйынтыгы менен өлкө курамасы түптөлүп, эл аралык мелдештерде жана 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарында мыкты жыйынтык көрсөтөт деген ишеничтемин», - деди өз сөзүндө Нурланбек Исмаилов. 


«Бардыгыңыздарды өлкө биринчилигинин башталышы менен куттуктап кетким келет! Беш күн ичинде өлкө аймактарынын келген баардык мушкерлер өз күчүн көрсөтөт деген ишеничтемин. Ал эми, калыстарыбыз эл аралык мелдеште өлкө желегин бийик желбирете турган мыкты балбандарды тандап алат деген ойдомун», - деди Абдыбакыт Халмурзаев. 


Белгилей кетсек, республиканын чемпионаты 24-сентябрда аяктайт. 


Калоочулар жана бокстун күйөрмандары беттештерди «КТРК Спорт» телеканалынын түз эфиринде көрө алышат.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн