Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте бомба коюлганы тууралуу кабарлаган мектеп окуучулары кармалды

Бишкекте бомба коюлганы тууралуу кабарлаган мектеп окуучулары кармалды


Бишкекте бомба тууралуу маалымат берген мектеп окуучулары кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында 102 кызматына Койбагарова көчөсүндө жайгашкан гимназиянын мугалимдеринин бирине WhatsApp аркылуу белгисиз номурдан: «Саламатсызбы! Сиздин мектеп миналанган. Эвакуациялоо үчүн сизге 30 мүнөт берилет, болбосо чоң жарылуу болот. Же болбосо 50 миң сом төлөө керек. Ойлонууга 10 мүнөт берилет” деген кабар келген.


Окуя болгон жерге дароо райондук администрациянын жетекчилиги жана тергөө тобу барышкан. СБНОН ИИМдин кинологдору шектүү жана жарылуучу заттарды табышкан эмес.


Учурда тергөөгө чейинки тергөө иштери башталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул мектептин окуучулары 2009-жылы туулган М.Н. жана 2009-жылы туулган М.А.нын өздүгү такталып, Октябрь РИИБнин тергөө кызматына алынып келинген. Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүлүп берилип, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы эскерткендей, "болуп жаткан жарылуу, өрт коюу же өлүм коркунучун жараткан же оор залал келтирген башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү" үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн