Бишкекте №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам бейтаптар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде жүрөт. Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө.
"Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкекте "ГУМ" соода борборунун зыяратчылары жана кызматкерлери бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бомба тууралуу билдирүү "102" кызматына саат 10.40тар чамасында келип түшкөн. Учурда жеринде ИИМдин кинологдору иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн