Бишкекте жарандын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын сатып алып, бирок акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 9-августта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, “Ф.” Аттуу чала таанышы июнда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деп алып, бирок акчасын бербей жүргөнүн билдирген.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен (“Алдамчылык”) каттоого алынган.
Издөө иш-чарасынын жүрүшундө 1992-жылы туулган Н.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн