Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте чала таанышынын үй буюмдарын уурдоого шектелип 23 жаштагы кыз кармалды

24.03.2022 09:07
422
Бишкекте чала таанышынын үй буюмдарын уурдоого шектелип 23 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте үй тиричилик техникаларын уурдоого айыпталып 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, О.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 85 миң сомдук үй тиричилик техникаларын уурдап кеткен чала тааныш кызга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Милиция ыкчам аракеттерди көрүп, 23 жаштагы Н.Н аттуу кызды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.


Учурда кармалган кыздын ушул сыяктуу башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жогу такталууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн