Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран митингге чыкты.
Акция Өкмөт үйүнүн алдында өтүп жатат. Чогулгандар колуна "Баткен да Кыргызстан", "Чек ара үчүн "даканса" деген плакаттарды көтөрүп турушат. Ошондой эле учурда чек аралаш айылдарда ок атылып жатканын айтышууда.
Аны менен катар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун эл алдына чыгып маалымат беришин, Баткен облусунун жетекчилигине Мамат Айбалаевди дайындоону талап кылып жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн