Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте чет элдик жарандын телефонунун коркутуп уурдаган эки жаран кармалды

07.12.2021 11:38
422
Бишкекте чет элдик жарандын телефонунун коркутуп уурдаган эки жаран кармалды

Бишкекте чет элдик жарандын телефонунун коркутуп уурдаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.


6-декабрда кечки саат жети жарымдар чамасында укук коргоо органдарына Токтогул-Логвиненко кесилишинде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.


Окуя болгон жерге ИИМдин Патрулдук кызматынын инспекторлору барган. Жабырлануучу Пакистандын жараны болгон. Анын айтымында, бейтааныш адамдар келип коркутуп, iPhone 11 телефонун алып качып кетишкен.


Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган М.А. жана 2002-жылы туулган М.Э.ны кармашкан. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн