Бишкекте Индиядан келген студенттерди сабаган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-май күнү саат 23:45 чамасында Киев-Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан "Салам Намасте" кафесинде белгисиз адамдар чет өлкөлүк жарандарды сабаганы байкоо камерасына түшүп калган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган окуяга байланыштуу 2000-жылы төрөлгөн Н.С. жана 2000-жылы төрөлгөн Б.К. "бейбаштык" беренеси боюнча кармалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн