Бишкек шаарына чүкөнүн инсталлияциясы коюлду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Чүкөнүн инсталлияциясы Бишкек шаарындагы Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине коюлган.
Бул улуттук кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, ошондой эле борбордун эстетикалык көрүнүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет. Борбор калаанын мэриясы жарандарды өлкөбүздүн маданий мурастарына кам көрүүгө жана муниципалдык менчикти бузбоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн