Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте дагы 2, Ош шаарында 1 дарыгер вирус жуктуруп алды

27.04.2020 10:16
946
Бишкекте дагы 2, Ош шаарында 1  дарыгер вирус жуктуруп алды


Бүгүн, 27-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 13 адамдын үчөө медицина кызматкери, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нуболот Үсөнбаев онлайн брифингде.

 

Анын айтымында, Бишкекте 2 дарыгер, Ош шаарында 1 дарыгер жуктурган.


Стационарда 292 киши жатат, алардын ичинен реанимациядагысы 7 киши. Ал эми жалпы ооруканадан чыгарылганы 395 адам болсо, каза тапканы 8 киши.

 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 753. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1044 адам жатат.

 

Н.Үсөнбаев кошумчалагандай, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 47 319
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 46 627.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн