Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 5 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 25-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, стационардан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Муну менен инфекциядан айыккан ак халатчандардын саны 231ге жетти.
Ал эми жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 280 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн