Бишкекте Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, узундугу 800 метр тилкеде жол оңдоо иштери жүргүзүлүп, 9 метрге чейин кеңейтүү менен толук реконструкцияланып, тротуарлар жана ирригациялык системалар жабдылып, жол сызыктары коюлуп, жол белгилери коюлду.
Реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен ишке ашырылган “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн