Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте дагы бир маршрутка каттамы автобуска алмаштырылды

20.06.2024 10:42
211
Бишкекте дагы бир маршрутка каттамы автобуска алмаштырылды


Бүгүн, 20-июнунан тарта №135 автобус каттамы иштеп баштайт. Аны “Эко пассажирские перевозки” Жоопкерчилиги чектелген коому тейлейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин аталган каттамды “ТрансгруппКоммуникейшен” ЖЧКсы акыркы тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде тейлеп келген.

№ 135 маршруттук каттамды тейлөө учурунда жогоруда аталган ЖЧК тарабынан жүгүртмө жана иш графигинде каралган автотранспорт каражаттарынын зарыл санын камсыз кылуу жана аларга GPS-трекерлерин орнотууда эреже бузуулар байкалган. Аталган эки жагдай борбордо жүргүнчү ташууну уюштуруу эрежелеринде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш талаптардын бири.

Мындан улам, жогоруда айтылгандар негизге алынып, түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, аталган ЖЧКнын №135 каттамды тейлөө укугу токтотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн