Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Бишкекте дагы бир заводдун курулуш иштери башталды

29.03.2024 14:18
696
Бишкекте дагы бир заводдун курулуш иштери башталды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министрлер кабинетинин башчысы акыркы жылдары борбордо экология маселеси курч болуп жатканын белгиледи. Эки жылдан бери шаардын абасын булгоочу стационардык булактарды жоюу боюнча иштер жүргүзүлүп, анын ичинде турак жайларды газдаштыруу иштери жүргүзүлүп, автономдуу от казандары газга өткөрүлүп, коомдук транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрү сатылып алынганын, Жашыл Мурас демилгесинин алкагында 600 миңден ашык жашыл дарактар отургузулганын белгиледи. 

«Бишкектеги санитардык полигонго тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү завод керек болчу. Бүгүнкү күндө катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоо менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушун баштайбыз. Тазалоо системалары, турак-жай, спорттук имараттар да курулат. Бул долбоор биз үчүн маанилүү. Ишкананын ишине ийгилик каалайбыз», - деди ал. 

Акылбек Жапаров министрлер кабинети өлкөнүн 7 облусунда жана 2 шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү жана таштандыларды жок кылуучу заводдорду курууну артыкчылыктуу деп эсептээрин айтып, сөзүн улантты. Өткөн жылы Каракол жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүүгө каражат бөлүнгөн. 

Учурда Жалал-Абад шаарында таштандыларды өрттөөчү ири завод курулуп жатат. Беларусиялык компания Каракол шаарында 135 миллион сомдук таштандыларды өрттөөчү завод кура баштады. 

Иш-чарада борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, кытайлык Хунан Цзюнсин компаниясынын директору Дай Даогуо да куттуктоо сөздөрүн айтышты. 

Иш-чаранын алкагында жашыл аянтчалар отургузулду. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн