Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

01.02.2024 16:16
203
Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды


Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, дарыканалар Киев көчөсү 154 дарегинде жайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында жана Кривоносова көчөсү, 206 дарегиндеги Темир жол ооруканасында ачылды.

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып ала алат.

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Министр белгилегендей, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн быйыл республика боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу жана уюштуруу зарыл.

Белгилей кетсек, эми Бишкекте 11 мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча 61 «Эл Аман» дарыкана иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн