Бишкек шаарында жалысынан 41 блокпост орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7ге чейин жолдо унаалардын жүрүүсүнө жана адамдардын басып жүрүүсүнө тыюу салынат.
Мындан тышкары 4 комендаттык тилке уюштурулуп, алардын бардыгына тилке башчылары дайындалды. Алардын иш алып барууларын Бишкек шаарынын вице-мэри, шаардык комендатынын орун басары Азизбек Эсенбекович көзөмөлгө алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн