Бишкекте дарыгерлер үчүн эки көп кабаттуу үй курулууда. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus. media редакциясына билдирген.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр медакадемияга жакын жерде курулуп жатат.
"Биздин эң чоң жетишкендигибиз дарыгерлер көп кабаттуу үй куруп жатабыз. Байтик баатыр-Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки көп кабаттуу үй курулуп жатат. Алардын бири 9, экинчиси 12 кабаттуу.
Үйлөр бүткөндөн кимдерге берилет аны комиссия иштеп чыгат. Муну менен биз дарыгерлерди өлкөбүздө сактап калуу аракетин көрүп жатабыз",- деди министр.
Пикирлер (1)