Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте дээрлик 10 миң доллар уудаган жаран кармалды

Бишкекте дээрлик 10 миң доллар уудаган жаран кармалды

Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5-декабрында жаран Б.Д. белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен үстүбүздөгү жылдын көрсөтүлгөн күнү саат 14:10дон 15:10го чейин Чукотская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайлардын бирине пластикалык терезени кысып, мыйзамсыз кирип, 9 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.


Аталган факты Ленин районунун ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестери катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ш.ИИББнын ыкчам кызматкерлери кыска убакыттын ичинде кылмышка шектүү 1988-жылы туулган К.С. кармалып, Ленин районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу изаляторуна киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 2022-жылдын 21-декабрына чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камоо менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.


Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн