Бугу 07, 2024
Убакыт: 09:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте дүйнө жүзү боюнча алгачкы ирет "Ы" тамгасына арналып эстелик тургузулат

26.04.2024 15:00
156
Бишкекте дүйнө жүзү боюнча алгачкы ирет "Ы" тамгасына арналып эстелик тургузулат


Бишкекте дүйнө жүзү боюнча алгачкы ирет "Ы" тамгасына арналып эстелик тургузулат. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эстеликтин ачылышы 29-апрелде “Ынтымак” сейил багында өтөт. 

Кыргызча-орусча сөздүгүндө жалпы жонунан “ы” тамгасы катышкан 600дөн ашык сөз бар. 

“Кыргыз тилинде бул тамганын болуусу менен "кыргыз", "кыргыз эли", "Кыргызстан" бренддери татыктуу таанылып жана кабыл алынып келет", - деп айтылат билдирүүдө. 

Эстеликке QR-код коюлат. Ал аркылуу шаар тургундары жана коноктору Кыргызстандын географиясы, тарыхы жана эли тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтарды ала алат.

Теги

Ы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн