Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте дүйнөлүк деңгээлдеги IT-лидерлери катышкан Борбор Азия технологиялык форуму башталды

24.03.2023 11:58
243
Бишкекте дүйнөлүк деңгээлдеги IT-лидерлери катышкан Борбор Азия технологиялык форуму башталды

Бишкекте 5 мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлдеги IT-лидерлери катышкан Борбор Азия технологиялык форуму старт алды.


Эске салсак, IT тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин жолугушуусу президенттин администрациясынын колдоосу жана Япониянын JETRO өкмөттүк уюмунун көмөгү менен өтүүдө.


Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов бүгүнкү күндө Кыргызстан санариптик интеграцияда алдыңкы позицияны ээлеп жатканын белгиледи.


“Санариптик экономиканы киргизүү коррупция, билим берүү жана саламаттык сактоого байланышкан эң актуалдуу маселелерди чечет. Бул жагынан алганда Кыргызстандын демографиялык артыкчылыгы да бар – бул калктын 45%дан ашыгын түзгөн жаштар. Жаштар жол, мунай эмес, жөн гана интернет керек боло турган жаңы доорго кирүүгө даяр”, - деди ал.


Сөзүнүн аягында Исанов форум жемиштүү жыйынтыктарды берерине чын дилинен ишенерин белгиледи.


Форумдун алкагында Америка Кошмо Штаттарынын, Казакстан, Өзбекстан, Япониянын эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болуп, сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT-билим берүүнүн келечеги талкууланат.


Кошумчалай кетсек, форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу өзүнчө иш-чара уюштурулуп, анда 7 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Ар бир жеңүүчү үчүн сыйлык – Силикон өрөөнүнө (Калифорния штаты, АКШ) саякат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн