Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте ээсин бычактап, унаасын уурдап качкан жаран кармалды

20.06.2020 11:13
934
Бишкекте ээсин бычактап, унаасын уурдап качкан жаран кармалды


Бишкек шаарындагы Пригородный айланма жолунда 1984-жылы туулган М.И. аттуу жаранды белгисиз адам бычак менен бир нече жолу сайып, арык жээгине ташта, анын "Део Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июнга караган түнү саат 00:00дөр чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына борбор шаардын көчөлөрүнүн биринен авто унаанын уурдалып кеткендиги тууралуу 1981-жылы туулган С.Б. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 1984-жылы туулган М.И. аттуу жолдошун Пригородный айланма жолунда белгисиз бала бычак менен бир нече жолу сайып, арык жээгине таштап, "Део Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткенин билдирген.


Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1998-жылы туулган Э.М. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Азыркы учурда бул факт Аламүдүн райондук ИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн