Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:22
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкекте эки күн таза суу убактылуу өчүрүлөт

06.10.2024 12:19
125
Бишкекте эки күн таза суу убактылуу өчүрүлөт


7-8-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


7-октябрда 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда муздак суу өчүрүлөт.


8-октябрда 9:00дөн 00:00гө чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) таза суу өчүрүлөт.


Ичүүчү суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо жайларында, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объектилеринде жок болот.


Бул күндөрү "Гагарин" жана "Түштүк-батыш" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн