Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте экинчи жолу тартип бузган тойкана ээлерине кылмыш иши козголот

14.09.2020 09:37
1045
Бишкекте экинчи жолу тартип бузган тойкана ээлерине кылмыш иши козголот


Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө боюнча чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 11-сентябрдан тартып эпидемиологиялык чыңалган абалга байланыштуу райондук акимиаттардын башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде кафе жана ресторандардын ишин контролдоо боюнча иштерди күчөтүшкөн.


Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда, Бузуулар жөнүндө Кодекстин 150 жана 293-статьялары боюнча айып салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет. Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесинде жана Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган жоруктардын/кылмыштардын фактылары белгилүү болгондо КР Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык иш-чаралар өткөрүлөт.


"Биринчи мыйзам бузуу - айып жана эскертүү, экинчи жолкусунда ошондой эле айып салынат жана кылмыш иши козголот", - деп айтылат билдирүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн