Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, 12 млн сомдук баңгизат алынды

26.04.2024 12:02
146
Бишкекте эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, 12 млн сомдук баңгизат алынды


Бишкекте эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан "мефедрон" баңгизат алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан 21-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү К.у.А. кармалды. Ал 1995-жылы туулган кыргызстандын жараны.

Тактап айтканда, ал Манас аэропорту – Бишкек шаары унаа жолунда кармалып, андан жалпы салмагы 2 кг болгон "мефедрон" синтетикалык баңгикаражаты табылды. Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6 ми сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 млн сомго жетет.

Кармалган К.у.А. аттуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө синтетикалык бангизаттардын жаңы түрлөрүн, белгилүү бир акчалай сый акы үчүн таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган байланыш методдорунун (интернет мессенджерлер, социалдык тармактар) динамикалуу өнүгүүсүнө байланыштуу жаштардын көпчүлүлүгү азгырылууда. Буга байланыштуу КР УКМК ата-энелерди өз балдарына карата сак болууга, алардын убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аталган кылмыш үчүн жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Азыркы учурда жогоруда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн