Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте эл аралык куран жарышы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

02.09.2023 11:25
328
Бишкекте эл аралык куран жарышы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды


Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлгөн эл аралык куран жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.


Аталган сынак борбордук "Имам Сарахсий" мечитинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган.


Муфтий Замирбек кары Ракыев Кыргызстанда куран жарыш биринчи жолу өткөрүлгөндө 12, экинчисинде 16, ал эми быйыл 25 өлкөдөн карылар катышканын билдирди. Ошондой эле ал куран маданиятын көтөрүүгө багытталган бардык аракеттер жасаларын кошумчалады.


Жеңүүчүлөр:

1-орун – Мухаммад Навийд (Пакистан);

2-орун – Мухаммадул-Амийн Маваалиди (Босния жана Герцеговина);

3-орун – Ахмад Акил бин Ахмад Шукри (Малайзия);

4-орун – Дастан Эркинбек уулу (Кыргызстан);

5-орун – Турфал Али Садиков (Чеченстан Республикасы, РФ).


Мындан сырткары, жалпы конкурсанттарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Сыйлоо аземинин жүрүшүндө казакстандык куран сүйүүчүлөр Дастан Эркинбек уулуна умрага жолдомо тапшырган.


Калыстар тобунун курамы да ар өлкөдөн келген дин аалымдарынан түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн