Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу 60 станция курулат

23.05.2023 14:05
189
Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу 60 станция курулат

Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекеменин жыйындар залында Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ЖКККББ жана жеке компаниялардын кызматкерлери чогулушту.


Жыйында унааларды кубаттоочу станцияларды орнотуу маселеси каралды.


"Бишкекбашкыархитектура" ММнын башкы инженери Махабат Шамбетова өз сөзүндө Бишкекбашкыархитектура жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан 60 станцияга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыгуу иши аяктагандыктан процессти тездетүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.


Жолугушуунун жыйынтыгында шаардык кызматтарга бирдей параллелдүү өндүрүштүк иштерге ордер берүүгө уруксат берүү тапшырмасы берилди.


Ошондой эле, унаа токтотуучу жайды бренддөө жана тиешелүү белгилерди орнотуу маселеси талкууланды.


Эскерте кетсек, акселераторлор тобунун бул жолугушуулары "Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү" долбоорунун "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн