Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды

03.03.2023 09:08
186
Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май районундагы Исанов көчөсү, 79 дарегинде жайгашкан "79" бизнес борборунун аймагына "Эвокс" ишканасы тарабынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду.


Мэриядан белгилешкендей, экокодолбоор Биринчи май районунун акимчилиги менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды.


Мындан ары мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.


Биринчи май акимчилиги экологиялык кырдаалдын шарттарын жакшыртуу жана шаарды өнүктүрүү үчүн бизнес өкүлдөрүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга чакырат.


Толук маалыматты төмөнкү дарек боюнча алууга болот: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 348, Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн телефон: +996 (312) 661 537.


   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн