Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте электрондук уруксат кагазын берүү системасы иштеп баштады, - комендант

30.03.2020 09:17
853
Бишкекте электрондук уруксат кагазын берүү системасы иштеп баштады, - комендант


Бишкек шаары боюнча коомдук абал туруктуу жана көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары – Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында айтты.

 

Анын билдирүүсү боюнча, электрондук уруксат кагазы эртеңден тартып бериле баштайт. 


“Ишкерлер, шаар тургундары менин буйругум менен бүгүнтөн баштап уруксат кагазы бериле баштайт. Сиздер райондук ички иштер башкармалыктарында ала баштайсыздар. Электрондук уруксат кагазын берүү системасы иштеп баштады. Эртеңдеп баштап ишке кирет. Бул иштер коопсуздукту сактоо жана ыңгыйлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулуп жатат”, - деп билдирди.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ибраимова Гуланда
Эмне болгон уруксат кагаз? Мисалы мен уруксат кагазын алып нарынга кетсем болобу . Кете албай жатам. Уруксат кагаз кимдерге берилет