Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылды

09.04.2021 10:27
722
Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Калкты тейлөө борбору Бишкектеги «Эльдорадо» соода түйүнүндө жайгашкан. Ал мекемеде ишкерлерди тейлөө борбору да болот.


Борборду ачуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты. Мекеме эми жумасына 6 күн иштейт.


«Борбор заманбап, учурдун талабына жооп берет. Мындан тышкары бир топ райондордо да борборлор ачылмакчы. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Мунун баары кезектерди жоюу, кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү багытында жасалууда. Калкты тейлөө борборлору эми 6 күн иштейт. Бул да болсо эл үчүн жардам болот деп ойлойм», — дейт Марипов.


Ал белгилегендей, өлкөнү санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн