Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, - мэрия

16.07.2020 17:44
1331
Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, - мэрия


Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу медиктер, анын ичинде тез жардам кызматы жетишпей жатат, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Алардын маалыматы боюнча, 1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин медициналык тез жардам борборуна (103) 59 миң 83 чалуу болгон, анын ичинен 9 миң 442 катталып, 5 миңден ашык адамга медкеңеш берилди.

Шаар тургундарынын кайрылуулары боюнча 5 миң 71 сапар жасалып, 1 миң 323 учур пневмония жана 57 учур covid-19 катталып, 840 адам ооруканага жаткырылды.

Белгилей кетсек, июнь айында 6 миң 775 кайрылуу иштелип чыгып, 3 миң 481 кеңеш берилген.

Өткөн айда 5 миң 275 сапар жасалып, 325 учур covid-19 жана 97 учур пневмония катталды. 1 миң 611 адам ооруканага жаткырылды.

Мэрия шаар тургундарына кайрылып, өз алдынча дарыланбоого, КРВИ жана башка оорулардын белгилери болгон учурда дарыгерге кайрылууга чакырды. “Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар. Өтүнүч, эгерде тез жардамга чала албасаңыз, 118 кызматына байланышыңыздар. Ал болбосо анда күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылыңыздар”, - деп билдирди басма сөз кызматы.


Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү жана 2 түнкү стационар иштеп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн