Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте эпидкырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн, - министр С.Абдикаримов

08.10.2020 11:44
523
Бишкекте эпидкырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн, - министр С.Абдикаримов


Азыркы болуп жаткан көрүнүш негизги профилактикалык иш-чаралардын такыр сакталбаганы (маска кийүү, физикалык аралыкты сактоо, кучакташуу жана башка) жемишин бере баштады. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, эки жумалык өсүү темпи 154 пайызды түзүп, натыйжалуу репродуктивдик сан (1.4) инфекциянын жайылышынын тездеп жатканын билдирет.


"Кечээ жана бүгүн эң көп жаңы учурлар катталды, ушундай эле сан акыркы жолу 53 күн мурун (августтун башында) катталган. Эгерде буга чейин түштүктө кырдаал курч болсо, азыркы тапта Бишкек шаарында да эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн экендигин байкалууда", - деди министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн