Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте эртең бөйрөккө алгачкы акысыз операция жасалат

31.01.2024 14:27
338
Бишкекте эртең бөйрөккө алгачкы акысыз операция жасалат


Кыргызстанда бөйрөктү бекер алмаштыруу үчүн 105 бейтап кезекке турду. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, учурда 50 трансплантацияга акча бөлүнгөн.


Эртең Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда алгачкы акысыз операция жасоо пландалууда.


«Биз бейтаптарды жана донорлорду кабыл алып, алар текшерүүдөн өтүшөт. Баарына этап-этабы менен операция жасалат», - деп убада берди чиновник.


Буга чейин Медициналык жана клиникалык медицинанын улуттук борборундагы операция бейтаптарга болжол менен 7,5 миң долларды түзгөн.


Белгилей кетсек, республика боюнча 2,6 миңден ашуун адам гемодиализ алат. Бул максаттарга бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн