Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте эсептегичтердин көрсөтмөлөрү онлайн режимде кабыл алынат

24.03.2020 17:24
802
Бишкекте эсептегичтердин көрсөтмөлөрү онлайн режимде кабыл алынат


Өлкөнүн аймагында өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу сууну эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү онлайн же телефон аркылуу кабыл алынат, деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.


Эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн берүү мүмкүн эмес болгон учурда эсеп-билдирүү орточо айлык керектөө боюнча жазылат. Эсеп көрсөткүч кийинки айда өткөрүлүп жатканда жөнгө салынат.


Төлөмдөрдү кабыл алуу "РСК-Банк", "Оптима-Банк", "Дос - Кредобанк", «ПЭЙ-24», «BM-Technologies»-Умай, «Квикпей», «ОСМП», «Теремпей», «Кыртелсат», Элсом, О!Деньги, Balance.kg терминалдар, электрондук капчыктар жана Бишкек почтамт бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.

Көрсөтмөнү төмөнкү сайт: www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg), SMS же WhatsApp номурларр: 0554 69 99 51, почта (автоответчик): 976944 жана телефон: 565671 аркылуу билдириңиздер”, - деп эскертти мэрия.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн