Бугу 22, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бишкекте эскиздик долбоорлорго туура келбеген мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

09.08.2023 10:27
196
Бишкекте эскиздик долбоорлорго туура келбеген мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксаты жок кошумча курулуштарды демонтаждоону улантууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» МИнын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, Байтик Баатыр жана Кулатов көчөсүнөн баштап 8-кичи районунун 3 а дарегине чейин жалпы 178 объект буздурулуп, анын ичинде 5 капиталдык курулуш, 69 бастырма, кире бериш топтор жана 103 жарнамалык конструкциялар алынган.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүгөндөн кийин уруксат берилбеген объектилердин ээлери өз ыктыярлары менен бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле мыйзам бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча буга чейин эскертүү кагаздары берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн