Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте фонтандар өчүрүлөт

30.09.2022 09:31
794
Бишкекте фонтандар өчүрүлөт



30-сентябрда шаардагы фонтандарды өчүрүү жана кышка даярдык көрүү пландалууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.


Ишкананын кызматкерлери фонтандар өчүрүлгөндөн кийин фонтандардын бассейининдеги сууну агызып, тазалоого киришет. Атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана саптамалар демонтаждалат. Фонтан комплекстеринин лампалары тазаланат.


Октябрдын аягына чейин фонтандарды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана тетиктерди алмаштыруу иштери башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн