Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте газ кыймылдаткычтуу 50 автобус линияга чыгат

11.08.2023 15:14
299
Бишкекте газ кыймылдаткычтуу 50 автобус линияга чыгат


Бишкекке Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» заводунан газ кыймылдаткычтуу 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келе жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Ошондой эле «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Ал ортодо Бишкекке келчү жаңы автобустар үчүн автопарктын курулушу кызуу жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен «Zhongtong bus Holding Co., LTD» LCK6105 моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Бул долбоор министрлер кабинетинин жана Кыргыстандын президентинин Кытайга (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн «Zhong Tong Bus» компаниясында ишке ашырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн