Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте ыкчам штаб күз-кыш мезгилине даярдык боюнча бир катар маселелерди талкуулады

29.09.2021 14:04
583
Бишкекте ыкчам штаб күз-кыш мезгилине даярдык боюнча бир катар маселелерди талкуулады



Шаардык муниципалитетте  Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун  төрагалыгы астында  алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдык боюнча ыкчам  штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек шаарынын төрт районунун акими, шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери  баяндамалары менен сөз сүйлөштү.


Штабдын мүчөлөрү электр энергиясын керектөө лимити боюнча иш-чаралардын планын аткарууну талкуулашты, калкка көмүр даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай компенсация төлөө ишинин жүрүшү, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, атап айтканда, “ЖЭБ”дагы  жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин   отканаларындагы электр чыпкаларын оңдоо.


Жыйындын соңунда тиешелүү  кызматтарга жылуулук мезгилине карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.


"Түндүк электр" ААК жана акимияттар  калк жана чарба субъекттери тарабынан электр энергиянсын керектөө боюнча  бекитилген лимиттердин сакталышына чараларды көрүшсүн. 


Ошондой эле борбордун “ЖЭБ”ден жана "Бишкекжылуулукэнерго"КИнин от казандарынан атмосферага чыккан зыяндуу заттарды  кыскартуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн