Чын курандын 03, 2025
Убакыт: 03:49
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Бишкекте имараттын 300 чарчы метрден ашуун бөлүгү мамлекетке кайтарылды

01.04.2025 18:21
60
Бишкекте имараттын 300 чарчы метрден ашуун бөлүгү мамлекетке кайтарылды


Бишкекте имараттын 300 чарчы метрден ашуун бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында жайгашкан административдик имаратты жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу жана ага карата колдонулган жол-жоболорду бузуу фактысын аныктаган.


Тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген административдик имарат Суу ресурчтары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин менчигинде болгондугу жана мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке берилгендиги такталган.


Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объекттин бөлүгүнүн ээси бул менчикке ээлик кылуунун жана пайдалануунун укукка жатпагандыгын моюндаган. Мындан улам, ал жалпы аянты 300 чарчы метрден ашык имараттын пайдалануудагы бөлүгүн мамлекеттин балансына кайтаруу чечимин кабыл алды.


Учурда бильярд клубу жана конок үйү иштеп жаткан имараттын экинчи бөлүгүн кайтаруу иштери улантылууда. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү калыбына келтирүү үчүн имараттын бир бөлүгү түрүндөгү мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү жөнүндө арыз менен сотто иш козголот.


УКМК жеке менчикте турган мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жайларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн