Кулжа 16, 2025
Убакыт: 14:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

16.06.2025 09:26
21
Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 21-майында жаран К.Э. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал кардарлардын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаны алдап, изин жашырып кеткен ЖЧКнын кызматкери Ж.А.га карата чара көрүүнү суранган.


Натыйжада арыз ээсине 4 миллион 851 миң 859 сом материалдык зыян келтирилген.


Аталган факты боюнча РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кармалып, ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 


Эгерде сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, анда милиция төмөнкү телефондорго билдирүүңүздү өтүнөт: +996700050505, 0704527214 же 102.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн