Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү аял кармалды

11.08.2022 16:59
413
Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкекте 700 миң сомдон ашуун акча каражатын алдап алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын О.Б. аттуу тургуну “М” аттуу чала таанышы 703 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып из жашырып кеткендигин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.


Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан комплекстүү иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.М. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн