Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте ишке киришкен ири базарларда санитардык көзөмөл күчөтүлөт

29.05.2020 14:56
1006
Бишкекте ишке киришкен ири базарларда санитардык көзөмөл күчөтүлөт


Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, калаадагы коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталууда. Булардын бири Бишкек шаарынын жашоочусунун кайрылуусу болду, ал вирусту ири базарлардын биринен жуктурган болушу мүмкүн. 

«Өлкөдөгү бардык базарларда, өзгөчө Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактоону тартипке келтирип, көзөмөлдөө керек. Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш. Ошондой эле коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде мындай иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүсү шарт», - деди Кубатбек Боронов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн