Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:38
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

15.10.2024 13:24
308
Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды


Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, ээн талаага алып чыгып кетишкен.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бизнесменди уурдагандардын изине түшүп, Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан.

Кийинчерээк аныкталгандай, алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, сабап, 25 000 АКШ долларын жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн.

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн