Бишкек шаарында ысык суу берүү 17-июнь күнү калыбына келтирилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл сайын жылытуу тутумдарын профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 17-майдан бери бишкектиктердин үйлөрүндө убактылуу ысык суу токтотулган.
"Урматтуу жарандар! Мэриянын ушул жылдын 11-майындагы №108-р буйругуна ылайык, ысык суу 17-июнда калыбына келтирилет", - деп билдирди мэриядан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн