Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте ижарага алган батирин алдап саткан Түркиянын жараны кармалды

Бишкекте ижарага алган батирин алдап саткан Түркиянын жараны кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү түрк жараны кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы кабарлады. 


Белгилүү болгондой, түрк жараны жабырлануучуга өзүн инвестор катары тааныштырып, 400 миң долларга кеңсе алганын айткан жана өзү ижарага алган батирди 6 миң долларга алууну сунуш кылган. Жабырлануучу  аталган сумманын бергенден кийин шектүү изин сууткан. 

Анын үстүнөн түшкөн арыздын негизинде Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери 1962-жылы туулган К.Ы. аттуу түрк жаранын кармаган.


Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн