Бишкек шаарында азырынча күндүзгү стационарларды ачуунун зарылчылыгы жок. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, стационарларды ачуу үчүн медиктер да, объектилер да даяр.
"Азырынча республикалык штабдан эч кандай тапшырма келе элек. Эгер зарылчылык болуп калса, күндүзгү стационарлар үчүн бааары даяр",- деди Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн