Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бишкекте кафеден сейфти уурдаган жарандар кармалды

Бишкекте кафеден сейфти уурдаган жарандар кармалды

Бишкекте кафеден акча салынган сейфти уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


7-августта милиция бөлүмүнө С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү түнкү саат 23:50дө Орозбеков көчөсүндөгү кафелердин биринен 150 миң сом акчасы бар сейфти уурдап кеткендигин айтып, ууруларды кармап берүү өтүнүчүн айткан.


Ошондой эле кассада турган 5 миң 460 сомду, баалуу сувенир жана Xiaomi маркасындагы уюлдук телефон уурдалган.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.


Учурда келтирилген зыяндын жалпы көлөмү такталууда.


Ыкчым иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыштарды жасоого шектелип, 2002-жылы туулган Ы.М. жана 2003-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн