Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте эл көп жүргөн көчөлөр дезинфекцияланат

23.03.2020 10:04
684
Бишкекте эл көп жүргөн көчөлөр дезинфекцияланат


Бишкек шаарында коомдук транспорт катары каттам жүргүзүп жаткан автобус жана троллейбустар күнүгө бир жолудан дезинфекциядан өтүп турушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 23-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, коронавирустун очогу болуп жаткан Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында көчөлөрдү дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүп жатат. Муну менен катар Бишкек шаарында коомдук транспорт катары каттам аткарып жаткан автобус жана троллейбустар бир күндө бир жолудан дезинфекцияланып жатат.


Бул иш-чараларды санитардык-эпидемиологиялык станциянын атайын дайындалган адистери жүргүзүп турмакчы. Ошондой эле дүкөндө, дарыканалар дагы күнүгө дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүп турушу керек. Бул иштер жана сатуучулардын бет кап тагынып, санитардык эрежелердин аткарылышы жумуш берүүчүгө милдеттендирилген. Алардын аткарылышын эпидемиолог врачтар көзөмөлдөйт”, - дейт ал.


Ошондой эле, ал учурда Бишкек шаарында калк көп жайгашкан көчөлөрдү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча штабда иш пландар түзүлүп жатканын кошумчалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн